"Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорунун алкагында 29-апрелге карата айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагында 3537 адамга жеңилдетилген насыялар берилди. Өкмөттүн маалыматына ылайык, берилген насыянын жалпы суммасы 1 миллиард 277 миллион 146 миң сом. Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 1 миллиард 71 миллион 476 миң сом, өсүмдүк өстүрүүгө 170 миллион сом, кайра иштетүү тармагындагы мекемелерге 35 миллион сом жумшалганы айтылды.