Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев алдыдагы пландарын айтып берди.
"2015-жылга өкмөт иш планын бекиткенбиз. Негизги багыт бар, аны алмаштырбашыбыз керек. Ошондо пайдалуу жыйынтыкка алып келет. Парламенттик системди орнотууда өкмөттө кызматтык алмашуулар тез-тез болушу мүмкүн экени айтылган. Өкмөттүн ачыктыгы, элдин бийликке болгон ишенимин жогорулатуу - негизги милдеттерибиз. Буг максатка жетүүдө мобилдүү ыкчам команданы түзүп, иш жүргүзөбүз",- деди Сариев.