Темир Сариев өкмөттө министрликтердин саны кыскарбай турганын айтты

"Өкмөттө министрликтердин саны кыскарбайт",- деди бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев.
Анын айтымында, жаңы өкмөттүн иштешине аз эле убакыт берилет. "Быйыл күздө парламенттик шайлоонун өтүшү менен өкмөт отставкага кетет. Ал эми бир эле министрликти өзгөртсөк, бир эле жолдомосун даярдоого 3-4 ай кетет. Ошондуктан өкмөттүн структурасы ошол бойдон калат. Биз бир гана өкмөттөгү бош орундарды толуктайбыз. Бул орундарга эч кандай партиянын курамында болбогон, кесипкөй адамдар тандалат",- деди Темир Сариев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан