Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдырахман Маматалиев 29-апрелде Жол-кайгуул кызматында системдүү коррупцияны жоюу боюнча пландын аткарылышын талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. Маматалиев аталган максатта аткарылган иштердин сапаты биринче кезекте эске алынарын белгиледи.
"Ар бир отчёт дыкат каралып чыгып, ар бир пункту боюнча сунуштар берилет. Системдүү коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын планы эффективдүү ишке ашырылышы керек. Коомчулук өкмөт коррупция менен күрөшүү боюнча системдүү иштерди жүргүзүп жатканын түшүнүшү зарыл",- дейт вице-премьердин милдетин аткаруучу.
Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко өзү башкарган мекемеге 22 иш-чараны аткаруу милдети жүктөлгөнүн белгилеп: "Пландын алкагында төмөнкү пункттар аткарылды: кызматкерлерди тандоонун так критерийлери ишке кирди, жол-кайгуул кызматкери менен эреже бузуучулардын байланыштары азайтылды, башкаруучулук звено кыскарып, жол кырсыктары боюнча оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү",- деп билдирди.