Кызыл-Кыядагы жатак-мектептин жабылышына жергиликтүү ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер каршы болуп жатышат. Муну 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирип, билим берүү тармагын оптималдаштыруу иштерин сынга алды. Жатак-мектептин имаратын жеке менчик балдар бакчасына берип, аталган мекемедеги социалдык колдоого муктаж 170 баланы башка мектептерге таратууга көпчүлүк каршы экенин айтат.
"Социалдык жактан коргоого муктаж балдарды таратып, имаратын менчик бала бакчага берип, кимдир бирөөнүн байышына жол беришибиз керекпи? Балдарга жасалган зордук-зомбулуктарга каршы күрөшөбүз дейбиз, жасаган ишибиз менен сөзүбүз дал келбей жатат",- деди Султанбекова.