"Министрлердин эч бир партияда болбошун талап кылам" дейт Темир Сариев

"Министрлердин эч бир партияда болбошун талап кылам",- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Темир Сариев. Бул тууралуу талапкер бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында айтып чыкты.

Ошондой эле Сариев өзү да быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого катышпай турганын кошумчалады. 

"Эгер талапкер кандайдыр бир партияда болсо, кызматынан эрте кетиши керек же айтып коюшу керек. Өкмөт мүчөлөрүнүн, губернаторлордун парламенттик шайлоолорго катышуусуна жол бербейбиз. Бирок азырынча алар менен сүйлөшө элекмин",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан