Депутат Дастан Жумабеков айдоочулардын баарын автоунаасын сөзсүз камсыздандырууга милдеттендире турган мыйзам долбооруна каршы

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште кыргыз жериндеги айдоочулардын баарын автоунаасын сөзсүз камсыздандырууга милдеттендире турган мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Дастан Жумабеков демилгеге каршы пикирин айтып чыкты. Анын айтымында, компанияга төгүлгөн каражаттын 30 пайызы гана камсыздандырууга жумшалса, калган каражат компаниянын өзүндө калуусу мүмкүн. 

“Милдеттүү түрдө” дегенибиз туура эмес болуп калат. Анткени бүгүн унаа ээлеринин жетиштүү каражаттары жок. Ошондуктан ыктыярдуу түрдө киргизсек болот. Ал эми өлкөдөгү унаалардын 100 пайызы кырсыкка учарабайт да, ашып барса 10 пайызга жакыны кырсыкка учурашы мүмкүн. Анан ар бир жеңил унааны 2000 сомдон, оор жүк ташуучу унааларды 3000 сомдон камсыздандырууга милдеттендирип койсок, түшкөн каражаттын баары эле жумшалып кетпейт, 30 гана пайызы жумшалышы мүмкүн”,- деди Жумабеков.

Демилгечинин айтымында, мыйзам кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө карата сунушталып жатат. Ага ылайык, ар бир унаа ээси камсыздандыруу үчүн жылына 2-3 миң сомдон каражат төгүп туруусу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан