“Электр станциялар” ишканасы Казакстанга электр энергиясын сатып, мамлекетке 35 миллион сомдон ашык каражатка зыян келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында эксперт Расул Үмбөталиев билдирди. Анын айтымында, былтыр “Электр станциялар” ачык акционердик коому Казакстанга 0,001 центтен же 5 тыйындан 126 миллион 40 миң киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон.
“1 киловатт-сааттын минималдуу баасы 2013-2014-жылдары 4 центтен деп коюлган. Эгер биз электр энергиясын 4 центтен экспорттогондо 5 миллион доллар же 250 миллион сом алмакпыз. Бирок андай болгон жок, мага келген так маалыматка ылайык, ушул кышкы мезгилге Казакстандын Жалбыз ГЭСинен 5 сом 61 тыйындан 126 миллион 40 миң киловатт-саат электр энергиясын сатып алдык. Мунун жыйынтыгында 707 миллион 84 400 сом зыян тарттык. Бул сумма элибиздин моюнуна илинди. Ошонун айынан жарыкка болгон тарифтер өстү”,- деди эксперт.