Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкер катары депутат Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаевди көрсөттү. 30-апрелде президенттик аппараттан билдиришкендей, эки талапкерди апрель айынын башында Сотторду тандоо кеңеши президентке сунуш кылышкан. 15-апрель күнү президент Сотторду тандоо кеңешинин курамы менен сүйлөшүү жүргүзүп, парламенттин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган. 

Айта кетсек, Курмантай Абдиев - Жогорку Кеңештин депутаты, Жедигер Саалаев - коомдук ишмер.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан