"Биз кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүп, темирдей тартип орнотобуз" деди Сариев

Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариевдин программасы жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмү менен таанышууда. Жыйында Сариев негизги максаттарынын бири шайлоону таза өткөрүү, өкмөткө жана өлкөгө тартипти бекем орнотуу экенин билдирди. 
"Биз майрамдабайбыз жана дем албайбыз. Кыска убакытта башталган реформаларды ишке ашырууга аракет кылабыз. Убакыт аз болгондуктан улам мен өкмөттүн курамын өзгөртүүгө каршы болуп, азыркы түзүмү менен иштешүү чечимин кабыл алдым. Иштей албаса кетишет. Ошондой эле өлкөдө кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтөбүз. Бул боюнча укук коргоо органдарына чоң тапшырма берилет",- деди Сариев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан