Каржы министрлигинин 2015-жылкы бюджети 412 миллион сом
Каржы министрлигинин борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын чыгашаларына 2015-жылдын бекитилген бюджетинде 412 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Быйылкы жылдын биринчи кварталында Каржы министрлигинин борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын чыгашалары 79,1 миллион сомду түзгөнү айтылды. "Анын ичинен министрликтин борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына 60,9 миллион сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. Калган каражаттар чыгашалардын башка беренелери боюнча жумшалды",- деп билдирет мекеме.