Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата митинг-реквием орун алды. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан уюшулган иш-чарага ардагерлер, шаардык ишке орноштуруу кызматынын кызматкерлери, окуучулар жана кесиптик лицейде окуган студенттер катышышты. Анда ардагерлерге сыйлыктар да тапшырылды.