Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде бүгүн, 30-апрелде "Жер-Үй" кенин иштетүү лицензиясы боюнча сынактын экинчи этабы өттү. Жыйында сынактын экинчи баскычына чыгышкан "Восток-геолдобыча" жана "Кыргыз алтын" ишканаларынын өкүлдөрү комиссия мүчөлөрүнүн жана эксперттердин суроолоруна жооп беришкенин агенттиктен кабарлашты.
"Сынактын шартына ылайык, мекемелер аралык сынактык комиссия конверттерди ачуу жөнүндө комиссиянын протоколу жарыяланган күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде акыркы чечимди кабыл алышы керек",- деп билдирди мекеме.
Сынактык комиссиянын кийинки отуруму 4-майда болмокчу.
Эскерте кетсек, "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча 2-сынак 2015-жылдын 17-февралында жарыяланган жана кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 100 миллион доллар деп бекитилген. Биринчи сынак 2013-жылдын 5-апрелинде жарыяланып, бир гана компаниядан арыз түшкөндүктөн, сынак өткөн жок деп эсептелген. Анда кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 300 миллион доллар болчу. Бул сумма көптүк кыларын белгилеген өкмөт аны 100 миллион долларга түшүрүү чечимине келген.