Непал. Жер титирөөдө уранды астында калган 4 айлык наристе тирүү табылды

Непал өлкөсүндөгү жер титирөөдө уранды астында калган 4 айлык наристе тирүү табылды. Бул тууралуу 30-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка таянсак, ымыркай уранды астында жатып эч кандай жаракат алган эмес. Маалымат каражаттарына куткаруучулардын бири: "Баланы таппай калдык, өлүп калды го деп ойлогонбуз, бирок издөөнү уланта бердик. 2 суткадан ашык убакыт өткөндөн кийин урандылардын астынан наристенин ыйлаган үнү угулду. Андан кийин куткарууну улантып, наристени алып чыктык. Бактыга жараша, баланын денесине зыян болбоптур, курсагы эле ачыптыр",- деп билдирди. Учурда бала ооруканалардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканы айтылды.  
Ал эми 29-апрель күнү да куткаруучулар уранды алдында калган бир өспүрүм баланы тирүү табышты.  
Айта кетсек, 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 6 миңге жакындап калды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sergo
2015-04-30 17:37:21
Аллахтын керемети
+6
Саби
2015-04-30 17:38:28
Кандай жакшы тируу тапкандары.Байкуш аябай ачка болсо керек.
+1
nurik2103
2015-04-30 17:44:15
Аллахтын меерими чексиз
+1
ENGELSA
2015-04-30 17:44:44
Ииии коздон жаш агызатко
+1
BRILIANTTKA
2015-04-30 18:13:14
Кудайым өмүрүн узун кылсын. Алланын керемети бул да болсо
+1
kirgizstan
2015-04-30 19:19:02
BRILIANTTKA, сага кошулам
+1
bema_bema
2015-04-30 18:15:08
Байкушум иий жакшы болуптур
+1
-rusalka-
2015-04-30 18:26:26
Ийй байкуш.Эми ата-энеси тируу болду бекен?
+1
kuba_02
2015-04-30 18:53:16
Аллама мактоолор болсун!ыйлап алдым менда кубанычтан аман калганына.
+3
KIPCHAK-KALMAK
2015-04-30 19:32:08
Аллахка чексиз шугурлор болсун!
+1
Meerima.Majitova
2015-04-30 20:48:12
Бул да болсун Алланын керемети
0
jass00
2015-05-01 02:22:43
жаратканым Аллахтын мээримдуулунуда.
0
admin_portal
2015-05-01 11:17:34
BubleGum - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
MARGO55
2015-05-01 13:14:28
Ичээр суун тугонбосо ошол экен да бактына ата энен аман болуп эл керегине жараган уулдардан бол.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан