Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын 1-кварталында 13 221 түгөй расмий түрдө баш кошушса, 2073 түгөй ажырашты. Мамлекеттик каттоо кызматына таянсак, жылдын алгачкы кварталында өлкөдө 37 609 ымыркай төрөлдү.
Расмий никеге туруулардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (4271 түгөй нике күбөлүгүн алган). Ош облусунда 3232 түгөй расмий нике каттоосунан өтсө, эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда (187 түгөй). Жалал-Абад облусунда 3 айда 328, Талас облусунда 24, Бишкек шаарында 382 ажырашуу фактысы катталган.