Свердлов районунун тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топонбай Чотбаевге 10 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 1-майда аталган райондун администрациясынан билдиришти. Маалым болгондой, ардагерге жардамды райондук администрация жетекчиси Айнагүл Чылабаева өзү тапшырып, аны Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, ден соолук каалады.