Бүгүнкү майрам - бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Жашоону көркүнө чыгарып, адамзатты жаңы бийиктиктерге шыктандырып, коомчулукту алдыга жетелеген - ЭМГЕК. Дүйнөлүк өнүгүү процесси бекем байланган ыйык сөз - ЭМГЕК. Мээнеткечтин досу, жалкоонун душманы, ийгиликтин алтын ачкычы - ЭМГЕК. "Жаз - жарыш..." демекчи, дыйкандарыбыз тер төгүп, малчылар жайлоого көчүп, курулуштар жанданып, айтор, эмгектин арты менен жашоо жандана түшкөн учур ушул мезгил.
Сиздерди Эмгекчилердин күнү менен кызуу куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас кайрат каалайбыз. Албан-албан ийгиликтерди жаратып, ак эмгектен баар таба беришиңиздерге тилектешпиз!
Майрамыңыздар менен!