Жалал-Абад. 1-Май майрамына карата борбордук аянтта салтанаттуу жүрүш өттү

1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын түзүмүндө бир катар күч структураларынын катышуусу менен салтанаттуу жүрүш өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты май айындагы майрам күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барганга, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоого, кылмыштуулуктун алдын алууга, ар кандай укук бузууларды болтурбоого багытталган.

Салтанаттуу жүрүштү Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурдин Насыркулов жетектеди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-05-01 15:34:16
Салтанаттуу жүрүш десе башкача элестетиптирмин да, кызыл-тазыл кийинген, колдоруна шар, гүл, транспаранттарды көтөргөн эмгекчилер экен депчи ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан