Бишкек шаары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата жасалгаланууда. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы "Илбирстин" дубалына 69 баннер тагылып, көчөлөргө майрамдык куттуктоолор жазылган көрнөктөр илинип жатканын 1-майда мэриядан кабарлашты. Шаар боюнча жеңиштин стилинде жасалгаланган 70 жарнамалык такта илингени айтылды.
Айта кетсек, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы быйыл Бишкекте жогорку деңгээлде белгиленмекчи. Борбордук аянтта аскердик парад орун алып, ондогон аскердик техникалар көрсөтүлөт.