Ошто студенттер арасында шайыр тапкычтардын таймашы өттү

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан 1-майда шаардын биринчилигине арналган жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында шайыр тапкычтардын таймашы өткөрүлдү. 

Таймашка Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик социалдык университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Ош аймактык колледжинин жана Ош гуманитардык-педагогикалык колледжинин курама командалары катышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Ош технологиялык университети 1-орунду багындырып кубокко ээ болсо, Ош мамлекеттик университети 2-орунду, Ош гуманитардык-педагогикалык институту 3-орунду ээледи.

Байгелүү орундун ээлерине жана активдүү катышкандарга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан