Быйыл Ысык-Көлгө 3 миллион 600 миң сиг-лудоги жана 253 миң форель балыктарынын уруктары чачылат. Бул тууралуу 2-майда Ысык-Көл жана Нарын аймактык балык чарба департаментинен билдиришти. Маалым болгондой, жыл сайын балыктардын уруктары атайын инкубаторлордо өрчүтүлүп, Ысык-Көлдүн ар кайсы жерлерине чачылат. Былтыр Жети-Өгүз жана Түп райондорундагы жээктерден чачылган болсо, быйыл кезекте Ысык-Көл жана Тоң райондору. Муну менен катар 10-майда Нарын облусундагы Соң-Көлгө дагы салмактары 160-170 миллиграммдык 3 миллион ар кайсы балыктардын уруктарын чачуу каралган.