“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тракторлору менен Чоң-Алайдын жерлери айдалды
Быйыл чоң-алайлыктар жерди айдатуудан кечигип калбайлы дешип, "Өнүгүү-Прогресс" партиясына техникадан жардам сурап, кат менен кайрылышкан. Элеттиктердин өтүнүчүн канааттандырган Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы МТСтен 4 трактор бөлдүрүп берген.
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 15 миң калк жашайт. Эл негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Тилекке каршы, айылдагы техниканын кызмат көрсөтүү баасы өтө эле кымбат, 1 гектар жерди айдоо 4,5 миң сомго чейин айланат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан бөлүнүп берилген техникалар менен үч күндүн ичинде эки айылдын жери айдалып бүтүп, себүүгө даярдалып, элеттиктердин ыраазычылыгына арзыды.
Бул тракторлор менен дырылдап Чоң алайга жеткенге чейин бечаралардын жамбаштары түшүп эле калса керек.
-1
Ajar.
2015-05-05 13:09:59
Бул партия жер-жерлерге МТС ачып берип жатабыз дешет, ошондо жалпы канча машина-трактору бар болду экен, техникалар ошол аймактыкы болобу же партияныкы боюнча калабы? Эгер партияныкы боюнча калса, анда эмнеге кайра-кайра жазып, мактана беришет)))
Айта кетчү нерсе, МТС СССР учурунда эле бар болчу, булар ошол нерсени колго алып, жандантып жатышкан окшойт, бирок жаман эмес...
-4
airwater
2015-05-05 13:18:12
Кайран гана шайлоо аааай...
-2
InsanKg
2015-05-05 14:20:17
Шайлоого жакындаганда эле ушундай болбой, дайыма шайлоосу жок эле жардам берип турушса, элдин дагы, кудайдын сообун алышмак
+3
InsanKg
2015-05-05 14:21:33
Мурунку шайлоодо светти оз баасында, кредитти 4% беребиз деп аябай какшады эле наоборот болду го. Ошол сыяктуу шайлоонун алдындагы мактануулар болбосо эле болду
0
fanatka19
2015-05-05 14:34:37
үч ай сайын шайлоо болуп турса,элдер дурус эле өнүгүп кетмек.)
+3
odin-takoy
2015-05-05 14:36:55
Бакыт торобаев негизи ел менен иштешип коп жардам берип келет буга чеин еле
+2
temirov76
2015-05-05 16:01:03
Бизде лейлекте деле талаада 1 сотых жерди айдап бериши эле 40сомдон а участоктор 55 60сомдон болду.
0
InsanKg
2015-05-05 16:28:46
Кыргызстанда жок дегенде жыл сайын шайлоо болуп турса, эл жыргап жашаса керек
0
islam14
2015-05-05 19:43:51
Э туугандар шайлоодо адашпайлы!
0
chyngyz1992
2015-05-05 20:41:56
Шайлоо качан болот Орусияда журуп эле баарынан кабарсыз болуп баратабыз
0
chalkan
2015-05-06 09:08:16
Эх, шайлоо, шайлоо..., түбү бийлик, бийлик..., элге жагып эптеп жетмей, жетип элди жемей. Буга чейин эмне кылып жүрүшкөн.
0
albina2010
2015-05-06 15:08:39
шайлоо эле эмес жылда эле жардам кылышат мисалы биздин айылда бар насыя айдап беришет бышыкчылыкта акчасын бересин рахмат партияга элге кызмат деп ушуну айтат
0
admin_portal
2015-05-06 15:32:34
aika1405,
үСайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
maks94.kb
2015-05-06 16:55:11
Уч трактор бергенго ал канча бирине жетишет ия
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.