Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин жанында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Жеңишке жеткендерге гүл” деген аталышта гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын ачылыш аземине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардын бийчилер топтору жана шаар тургундары катышты. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге чакан концерттик номерлер көрсөтүлүп, гвоздика гүлдөрү жана азык-түлүгү бар социалдык пакеттер берилди.
Көргөзмө-жарманкени КРнын Гүлдөрдү өстүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү уюштурушту жана ал 9-майга чейин уланат. Жарманкеге гүлдөрдү өстүргөн 18 чарбачы катышууда, алар өсүмдүктөрдүн ар кандай түрүн сатып жатышат.