Жылдыз Мамбеталиевага "Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" атайын класстык чини берилди. Тийиштүү жарлыкка 6-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Ж.Мамбеталиева 2015-жылдын 21-февралынан бери Юстиция министрлигин жетектеп келет.