Парламенттин 7-майдагы жыйынында депутат
Сайдулла Нышанов Бишкек-Ош трассасынын Суусамырдагы бөлүгү оңдоого муктаж экенин билдирди.
"Кышы менен кар алдында жаткан жолдун кээ бир жерлери тешилип калыптыр. Жолдогу чуңкурга түшүп кетип унаасы бузулган 3-4 айдоочуну көрдүм. Суусамырдагы жолду тезинен оңдоо керек, анткени бул жол өлкөбүздүн жарандары үчүн абдан маанилүү. Миңдеген жарандар ушул жол аркылуу көптөгөн иштерин бүтүрүп жатышат",- дейт депутат.
Айта кетсек, 5-майда премьер-министр Темир Сариев транспорт жана коммуникация министрине өлкөдөгү жолдордун абалына тезинен мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берген.