Бүгүн, 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш аяктады. Бул жүрүшкө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик түзүмдөрүнүн жана "Кант" орусиялык авиабазасынын 1500гө жакын аскер кызматкерлери катышты. Мындан тышкары иш-чарага келгендер аскердик техниканы, танктарды, учактарды жана тик учактарды көрүштү. Жалпысынан жүрүштү көрүүгө 10 миңге жакын адам келди.Иш-чарада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев окуп берди. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев да ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аскердик жүрүш нөшөрлөгөн жамгырдын астында өттү.