Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу төмөндөөдө. 1 долларды сатып алуу 58 сомго, сатуу 58 сом 80 тыйынга барабар болууда (12-май, саат 09:35ке карата). Бул курстун 3 апта мурунку көрсөткүчүнөн 2 сом 90 тыйынга (сатып алууда) жана 2 сом 30 тыйынга арзан. 22-апрелде 1 долларды сатып алуу 60.09 сом, сатуу 61.10 сом болчу. Эскерте кетсек, быйыл март айынын соңунда доллар кескин көтөрүлүп, 1 долларды сатып алуу 65 сомго жеткен.