Токмокто ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кылмыш тобунун мүчөсү колго түштү

 Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкы башкармалыгы ИИМ жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте Токмок шаарында убактылуу жашап жаткан Орусия Федерациясынын жараны, 28 жаштагы Я.Аны кармады. Буга чейин укук коргоо органдарына анын мыйзамсыз баңгизатын сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Мындан сырткары тактала элек маалыматтар боюнча колго түшүрүлгөн шектүү кылмыш тобунун мүчөсү. Я.Аны кармоо операциясы учурунда анын Порше автоунаасынан 1 килограмм 110 грамм баңгизаты алынган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизатты мыйзамсыз түрдө жасоо, сатуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголду. Айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттук-химиялык экспертиза белгиленди. Учурда бул ишке тиешеси барлар жана сатуу каналдары иликтенүүдө. Маалымат Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын расмий сайтынан алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан