Жалал-Абад. "Курманбек" шаардык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткандар сабалганын маалымдашты

6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү саат 21лер чамасында "Жалал-Абад шаардык ИИБинин "Курманбек" шаардык милиция бөлүмчөсүндө убактылуу кармалып тургандар сабалды" деген маалымат тараган. "КРнын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн "Курманбек" шаардык милиция бөлүмчөсүндө убактылуу кармалып тургандарды 30 укук коргоо кызматкери түнкү саат 21лер чамасында кирип сабашыптыр деп билдиришет" ата-энелер. Балдарынын акыбалына кабатыр болгон алар 7-ноябрь күнү (20га чукул адам) убактылуу кармоочу жайга келип, балдарынын абалынан кабардар кылуусун андагы кызматкерлерден суранышкан. Ата-энелердин берген маалыматында, убактылуу кармоочу жайдагы балдарынын абалы оор, ачкачылык жарыялап, айрымдары кийимсиз жылаңач отурушат. Бүгүн сабалгандардын абалынан кабардар болуу максатында кирип чыккан укук коргоочу Алима Аманова төмөнкүлөрдү айтат: "Азырынча сабалгандардын окуясы толугу менен ырасталды деп айта албайм. Мен ар бир камерага кирип, отургандар менен сүйлөшүп чыктым. Жалпысынан 42 адам бар, анын экөөсү аял кишилер экен, аларга тийишкен эмес. Ошондой эле 3 киши "бизди урган жок" деп айтышты. Отургандардын 50% өз денесинин киндигинен төмөн жагын, колдорун кескилешкен. Андагылардын айтымында, 6-ноябрь күнү саат 20:00дөн кийин опертоп кирип, текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүү маалында каршылык көрсөтүлгөнбү, айтор, алар ар бир камерага кирип ура башташкан. Мен өзүм да көрдүм, денелеринде кызыл тактар, кесилген жайлар бар экен. Экөө тура албай жатат, "тура албайм, эже" дешти. Эми аны дарыгерлер келип текшеришет. Азыр "Тез жардам" машинасы чакырылып, сабалгандарды кароодон өткөрүп жатат. Ал эми милиция кызматкерлеринин айтымында, соту бүткөн кээ бир кармалып тургандар зонада башкача даражага ээ болуп калуу үчүн атайын ушундай кадамдарды жасоону буюрушат экен. "Нөөмөтүн өтөп тургандарга каршылык көрсөтүлүп, кол кайтарышканда, биз милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болдук" дешти алар. Балдардын айтымында, 1 айдан бери өздүк гигиенаны сактаганга шарт, жылуулук жок, анан дары-дармектер берилбейт экен. Биз менен эч кимдин иши болбой калгандыктан, өзүбүзгө элдин көңүлүн бурдуруу максатында ушул ишти жасадык дешет алар. Мен бул окуя боюнча облустук прокурорго кирип, жагдайды түшүндүрдүм. Отургандардын 2 аялдан башкасы ачкачылык жарыялаганын айтышты. Мен бул нерсеге себеп деп СИЗОнун жоктугун баса белгилейт элем. Болбосо мындай окуялар боло бериши мүмкүн" деп кошумчалайт ал. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык прокуратурага кайрылганыбызда шаардык прокурордун орун басары М.Кожокматов эч кандай комментарий бере албасын жана учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан