Баткен. ӨКМнын 3-өзгөчө отрядында толуктоолор күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусунун Баткен шаарындагы 3-өзүнчө иликтөө отрядына жаш толуктоолор келет. Бул тууралуу 3-өзүнчө иликтөө отрядынын командиринин 1-орун басары, штаб башчысы, капитан Мырза Эргешов төмөнкүлөрдү билдирди: "Эртең 9-ноябрь күнү 3-өзүнчө иликтөө отрядында күзгү толуктоолор болуп, облустун райондорунан 35 жаш жоокер келет. Учурда бизде бардык шарттар түзүлүп, жылуулук, жатакана, тамактануучу, жуунуучу жайлар жогорку деңгээлде даярдалган. Алар келгенден кийин даярдоо иштери жүргүзүлүп, жаш толуктоолорго 1 айлык окутуу программасы өтүлүп бүткөндөн кийин жоокерлердин катарына кошулуп ант беришет”. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан