"Жеткинчек эки кыз өгөй атасы тарабынан зордукталган" делип жаткан фактыны текшерүүнү өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алды

"6 жана 10 жаштагы эже-сиңди өгөй атасы тарабынан зордукталган" делип жаткан фактыны текшерүүнү өкмөт башчы Темир Сариев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 22-майда кабарлады. 

Сариев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кыска убакыттын аралыгында эки кызды кайрадан толугу менен медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү жана керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүүнү тапшырып, ички иштер министри Мелис Турганбаевге бул окуяга объективдүү териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Андан сырткары социалдык жактан өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге окуянын себептерине талаптагыдай анализ жүргүзүп чыгууну жана кыздардын үй-бүлөсүнүн психикалык абалын байкаштырууну тапшырды. Бул окуяга жалпы координациялык териштирүү жүргүзүү милдети вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага жүктөлдү. 

Айта кетсек, 14-май күнү Социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 6 жана 10 жаштагы эже-сиңдини "өгөй атасы зордуктады" деген шек менен алып барышкан. Ал эми кыздарды дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүшүп, жыныстык органдарына доо кеткенин айтышкан, бирок соттук-медициналык экспертиза алардын зордукталганын аныктаган эмес. 17-майда 36 жаштагы кыздардын апасы эки кызды эч кимге айтпастан алып кетип калган. Учурда кыздар кайда экени белгисиз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан