8-11-июль күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет бүгүн, 7-июлда билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.