Президент
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда Сузак районундагы жер көчкү жүргөн Кыр-Жол айылына барат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы
Жанар Акаев билдирди. Акаев мамлекет башчы 3 күндүк иш сапарынын алкагында алгач Кыр-Жол айылында болуп, кырсыкка кабылгандар менен жолугуша турганын айтты.
"Өлкө башчы эң алгач эл менен жолугушуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат. 26-майда облустагы бир катар иш-чараларда болуп, жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүн көрүп чыгат. 27-майда Ош облусунда өтчү иш-чараларга катышып, бир катар жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөрөт",- деди Акаев.
Ал эми Алмазбек Атамбаев 24-майда жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүп берүү буйругуна кол койгон.
Айта кетсек, 24-майга караган түнү Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үй жана 1 эмкананы басып калган. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, 5 адам жаракат алган. Каза болгондордун сөөктөрү ошол эле күнү жерге берилди.