Жакында өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаевдин бутун кестирип, баса албай калганын маалымдаган элек. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Жеңишбекке буту баспагандар үчүн колдонулуучу араба тапшырды.
Аталган министрликтен кабарлашкандай, министр Кудайберген Базарбаев 24-майда Нарында болуп, ага араба алдырды. “Жеңишбектин бою узун болгондуктан, ага чак араба табуу кыйын болду. Кытай, Орусияга кайрылып, мындай араба ала албаган соң, колго жасаганга туура келди”,- дейт министр.