24-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Жаштар экстремизм жана терроризмге каршы!” урааны астында веложүрүш орун алды. Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашкандай, акцияга 120га чукул студент, мектеп окуучулары катышты.
Веложүрүштүн катышуучулары Каракол шаарынын борбордук көчөлөрү менен бир топ аралыкты басып өтүштү. Мындай иш-чаралар мындан ары да уюшулуп турмакчы.