Жер көчкүдөн зыян тарткандарга гуманитардык жардамдар жеткирилди

Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн зыян тарткандарга гуманитардык жардамдар жеткирилди. Бул тууралуу 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле үйсүз калган үй-бүлөлөргө 10 орундуу 10 даана чатыр жеткирилип, орнотулуп берилди. Маалыматка таянсак, гуманитардык жардам катары кырсыктан жапа чеккендерге турмуш-тиричилигине пайдалануучу буюмдардан сырткары кийим-кечелер берилди.  
Жеткирилип берилген гуманитардык жардамдар: 


1. Тазалык каражаты - 25 коробка;

2. Ашкана каражаты - 25 коробка;

3. 20 литрлик канистра - 25 даана;

4. Чака - 25 даана;

5. Шалча - 25 даана;

6. Жууркан (одеяло) - 25 даана;

7. Брезент (кендир) - 25 даана;

8. Төшөнчүгө керектелүүчү товарлар - 25 жыйнагы;

9. Меш - 5 даана;

10. Жаш балдардын костюму - 25 даана;

11. Жаш кыздардын юбкасы - 25 даана.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан