Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 25-майдагы отурумунда гуманитардык жардам жана гранттар катары берилүүчү товарлардын импорту
жана аларды салыктардан бошотуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.Демилгечи депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, грант катары берилүүчү товарларга кошумча нарк салыгынан бошотууну алуу жасалма кыйындатылган жана коррупциялык ыкма болуп саналат. Анткени ар бир өзүнчө алынган грантка өкмөттүн тиешелүү токтомун даярдоо мүмкүн эмес. "Бул долбоордун максаты - өкмөткө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына берилүүгө жаткан социалдык объекттерди курууну ишке ашырууда жеке
юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу каражатты кошумча нарк
салыгынан бошотуп берүү",- деди депутат.
Комитеттин мүчөлөрү бул документти биринчи окууда жактырышты.