7 ай мурун каза болуп, Орусияга коюлган 21 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди

7 ай мурун каза болуп, Орусияга коюлган 21 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 25-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, 21 жаштагы Аида Кабылбек кызынын сөөгү 25-майга караган түнү Ош шаарына алынып келинди. 
ыздын сөөгү 2014-жылдын октябрь айында Екатеринбургдагы токойдон табылып, жанында өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, сөөгү ошол жердеги көрүстөндөрдүн бирине коюлуп калган. Жакында ата-энеси издөө салып, консулдуктун жардамы менен кыздын сөөгүн таап, өздүгүн такташты. Тиешелүү документтер жыйналып, консулдуктун жана диаспора өкүлдөрү 45 миңден ашык рубль каражат жыйнап, сөөктү кыргыз жерине жиберүүгө жардам беришти.
Ал эми "кыз бирөөлөр тарабынан муунтулуп өлтүрүлдү" делип жаткан маалыматтарды Орусиянын орган кызматтары четке кагышты. Анткени кыздын денесине жаракат келтирилбегенин билдиришиптир",- деди Сүйөркулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
upol92
2015-05-25 19:21:20
Кудай сакта. Аллахым баарыбызга жакшылыктарды насип кылсын. 7айдан кийин полиция иш козгогусу келбей башка шылтоо менен жапты да. Жаткан жери жайлуу болсун.
+5
nargizka.kg
2015-05-25 19:37:24
Ииий жаман болуптур, жаткан жери жайлуу болсун! Кыргыздардан акча чогултуп журушкон
+2
Hernandez
2015-05-25 20:04:00
Эээх, кыргыздар. Кандай кунго туш болдук. Кор оокаттын айынан тентиреп журуп, турдуу кырдаалдарга туш болдук гоо.
+3
nurchik05
2015-05-25 20:45:14
сак болгула кыргызым
+1
joni.joni
2015-05-26 00:01:01
ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-05-26 10:30:54
joni.joni - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
joni.joni
2015-05-26 00:03:53
Мен екатеринбургда такси айдап иштейм коп кыргыз кыздарын кафеге алып барсан башка улуттун балдары тосуп алат.же башка улуттун жигиттери менен кафеден чыгып гостиницага баргандар да коп.
+3
chonko.samat7
2015-05-26 00:08:47
жаткан жери жайлуу болсун.
+1
admin_portal
2015-05-26 10:32:18
chonko.samat7 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Gulnaz.GS
2015-05-26 01:13:29
Неге ХХХ ХХХ ХХХ... мумкун тоноп кеткендир .туптуз журсо.
+4
ailam14
2015-05-26 02:55:30
Жайы жаннаттан болсун( он гулунун бири ачыла элек кезде бул жалган дуйно менен кош айтышыптыр жаш кыз....
0
Aselina_kg
2015-05-26 10:38:45
Жайы жаннаттан болсун!
0
semakg
2015-05-26 10:49:57
Орустун менттерида биздикилерден калышпайт. Иш козгоп издегиси келбей ишти дым дым кылыштыда озу асынган деп. Кудай бейишинен орун берсин жакындарына сабыр тилейм.
0
baba.
2015-05-26 12:16:38
Токойдо эмне кылып жургон экен бул кыз.....
0
myshka406
2015-05-27 11:35:18
бечара ата-энесине аябай жаман болуптур...
0
g.jumabekova
2015-05-27 11:58:58
7 айдан бери кызынын дайынын сурабаган ата энесине тан калдым. Бизде деле туугандар бар россияда. Жок дегенде айына 1 жолу суйлошуп турабыз. Кызы чалбай калгандан шек санап чалыш керек эле да. Же ата энесине кызынын акча таап турушу эле керекпи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан