Кыргызстан демократиялык кыймылы өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат

Бүгүн, 26-май күнү Кыргызстан демократиялык кыймылы өзүнүн 25 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгилеп жатат. Кыргыз Республикасындагы биринчи мамлекеттик эмес уюм катары эсептелген "Ашар" кыймылы, кыргыздын жаш интеллигенттери, илимпоздору, чыгаан акын-жазуучулары түзгөн КДК СССРдин аймагындагы биринчи улуттук кайра жаралуу кыймылына айланды. Кыргыз мамлекетинде демократиянын орношуна, көп партиялуулуктун пайда болушуна негиз түздү.

"Ашардан" башталып, КДК аркылуу уланган кыргыз демократиясынын жыйынтыгы азыр 200дөн ашык партия аркылуу уланып, эркин, демократиялуу кыргыз өлкөсүн куруу уланып жатат. Маараке өлкөдөгү 1989-1990-жылдардагы демократиялык жаңыланууларга арналган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан кийин сөз мындан 25 жыл мурун КДКнын уюштуруу конференциясын ачкан, кайрадан символикалуу түрдө "Ата Мекен" фракциясынын лидери, Кыргыз Эл депутаты Өмүрбек Текебаевге берилди. Өмүрбек Текебаев 1980-жылдардын аягында кыргыз жаштары өз өлкөсүндө өгөй болуп, борбор калаасында өз үй, өлөң төшөгү үчүн күрөш баштаганын, алардын бир тилеги Бишкектин четинен бир кулач жер алып, ылай менен саманды аралаштырып үй куруп алсак деген эңсөөсү бар экендигин айтып келип сөзүн мындайча улады:

"Советтик бекем режимде турган СССРдин тушунда бул кыялдардын ишке ашуусу оңой эмес эле. Ошондуктан алдынкы кыргыз жаштары улуттук идеяларга сугарылган жаңы улуттук прогрессивдүү кыймылга өсүп жетти. Менин жеке оюмда, Кыргыз Республикасынын улуттук прогрессивдүү кайра жаралуу кыймылы "Ашар" коомунан башталган. Мына ушул жаштар кыйымылы өлкө аймагында кадыр-баркка тез эле ээ болуп, анын айланасына студенттер, жаш окумуштуулар, мамлекеттик жаш кызматкерлер, колхозчу жаштар жаңы кыймыл түзүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ошентип, демократиялык кыймыл Коммунисттик партияга реалдуу атаандаштыкты түзө баштады.

1990-жылы 26-майда дал мына ушул бүгүнкүдөй өлкөдөгү демократиялык кыймылдар Кыргызстан демократиялык кыймылына башын бириктиришти. КДКнын күчү менен Орто Азияда биринчи жолу коммунисттик жетекчини партиянын сыртынан келген адам алмаштырды. Ошол мезгилде республиканын жетекчилери, коомчулуктун айрым катмары демократиялык жаңыланууларга даяр эмес эле. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп, өз желегине, гимнине жана туусуна ээ болот десе, ошол кездеги жетекчилер, кара таман эл да "Кантип эле ошондой болсун?" деген заман өткөн. КДК эл аралап, жетекчилер менен сүйлөшүп, дубандарды кыдырып жүрүп кыймылдын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүүгө жетишти".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан