Ажылыкка баруучуларды каттоо 5 күндөн кийин токтотулат

Ажылык сапарга каттоо иши өлкөнүн бардык аймактарында 1-июнь күнү саат 18:00дө токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовго шилтеме берүү менен муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Ош облусу боюнча ажылыкка жооптуу өкүл Ыманали Мартаимов ажылыкты уюштуруу иштери боюнча облустун бардык 7 районунда жооптуу адистер дайындалып, өз убагында муфтияттан келген буйруктар жергиликтүү тургундарга жеткирилип жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары 25-майга карата алынган маалыматтар боюнча, каттоо башталгандан бери 30 күндүн аралыгында 456 жаран катталганын кошумчалады. 

Кара-Суу районунда 187, Ноокат районунда 94, Араван районунда 61, Өзгөн районунда 75, Кара-Кулжа районунда 15, Алай районунда 15, Чоң-Алай районунда 9 жаран катталган.

Жыйын соңунда муфтияттын өкүлү Х.Садиллаев тарабынан тизмеге алуунун жол-жобосу, ажылыкка каттоо анкетасын туура толтуруу эрежелери жана эл арасында пайда болгон суроолорго жооп берүү боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Муфтияттын маалымат кызматы башка аймактарда да каттоо иши толук кандуу жүрүп жатканын билдирди. 

Эскерте кетсек, быйыл ажылык зыяратына баруу үчүн жалпы 3680 орун берилген. Зыяратка баруунун баасы 2550 долларды түзөт. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kirgizstan
2015-05-27 15:18:39
Админ кадамжай районунанчы эч ким жокпу
0
Kairatmyn
2015-05-27 15:57:17
kirgizstan, тууганым кичине эки жакты жакшылап окуп анан жазсан. Азыр Ош облусу жонундо соз болуп жатат. Мен ж-абадтан болсом да жакшы билем. Кадамжай Ошко эмес Баткен облусуна карайт.
+2
kirgizstan
2015-05-27 16:05:25
Прости тууган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан