Президент: "Кыргыз мамлекетинде чатырда билим алган окуучулар бар экенин маалымат каражаттарынан окуп билдим" (фото)
"Кыргыз мамлекетинде чатырда билим алган окуучулар бар экенин маалымат каражаттарынан окуп билдим",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу мамлекет башчы 27-майда Араван районунун Мангыт айылындагы №33-мектептин абалы менен таанышып жатып айтты. Аталган мектеп ушул жылдын март айындагы жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалга келген. 280 окуучу мектептин короосуна тигилген 10го чукул чатырда билим алып келет. Президент мектептин авариялык абалын көрүп чыгып, жаңы мектеп курууга тез арада аракет көрүүнү буюрду.