Жалал-Абад. Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюшулат

1-Июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарында бир катар иш-чаралар өтөт. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, бул күнү “Ак-Бермет” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө, психоневрологиялык диспансерине, “Каакым” балдар бакчасындагы атайын тайпага, кургак учук ооруканасынын балдар бөлүмүнө мэрия тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлөт.

Ошондой эле Барпы театрынын алдында “Кыргыз мамлекети - менин мекеним!”, “Ар дайым болсун күн!”, “Планета балдардын көз карашы менен!” деген темадагы балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өткөрүлөт. 

Буга катар 30-май күнү шаардагы мекеме, ишканалар менчигинин түрүнө карабастан бала асырап алган үй-бүлөлөрдү, үй-бүлө тибиндеги үйлөрдү, балдар үйлөрүн, балдар ооруканаларын, санаторийлерди, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, мектеп-интернаттарын кыдырып белектерди таратышат. Мындан тышкары "Биздин балдар - планетанын келечеги" аттуу бир айлыктын алкагында томолой жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн экскурсиялар, эс алуулар уюштурулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан