Орусия чет өлкөлүк жарандардын айдоочулук күбөлүгүнүн жарактуулугун 2 жылга узартты

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-майда “Орусия Федерациясынын административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексине" жана "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү" федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды. 

Мыйзам Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан 2015-жылдын 19-майында кабыл алынып, Федерация Кеңеши тарабынан 20-майда жактырылган.

Документте Орусиянын аймагында транспорт каражаттарын айдап, акча табууну максат кылып иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын айдоочулук күбөлүгүнүн жарактуулугуна тыюу салуунун 2015-жылдын 1-июнуна белгиленген мөөнөтүн 2017-жылдын 1-июнуна жылдыруу каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан