"Сириядагы согушта 400 кыргыз
жараны жүрөт экен. Бул билимсиздиктин натыйжасы". Бул тууралуу бүгүн, 27-майда
президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Абад айылында спорттук залдын ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, учурда Сирияга республиканын түштүктөгү облустарынан туура диний билими жок жаштар барышууда.
"Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде “бир адамды өлтүрүү бир дүйнөнү өлтүргөнгө барабар” деп салыштырылган. Баарыбыздын тең динибиз бир, мусулманбыз, бир атанын балдарыбыз. Анан өзүн Кудай сезип, бирөөлөр адамдын башын кесип жатат. Бул туура эмес. Эч кимге сын тагуунун кереги жок, ким тозокко барат, ким бейишке барат, аны жалгыз Алла билет. Ошондуктан балдарга кичинесинен туура билим жана тарбия бериш керек. Эч качан бөлүнбөш керек”,- деди президент.