Оштогу мектептерде залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралар уланууда

Бүгүн, 27-майда Ош шаарындагы Панфилов атындагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн
мектеп-гимназиясында кыргыз поэзиясынын классиги, залкар акын, котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган "Классик акын 100 жашта" аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда акындын “Ак Мөөр” драмасын аталган мектептин окуучулары кыргыз тилинде так сүйлөп аткарып беришти. Мындан сырткары акындын китептери, башка тилдерге которулган жыйнактары, анын котормосу, ал жөнүндөгү илимий эмгектер, макалалар, гезит-журналдык материалдар, ага арналган кыргыз акын-жазуучуларынын ырлары көргөзмө катары уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан атайын өкүлдөр, шаардагы маданияттын кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynara81
2015-05-27 21:51:14
Жакшы сөзгө татыктуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан