Үй камагында отурган депутат Карганбек Самаковдун жакындары анын жумушка келүүсүнө уруксат сурашууда

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында үй камагында отурган депутат Карганбек Самаковдун жакындары анын жумушка келүүсүнө уруксат берүүнү өтүнүп жатышканы айтылды. Мындай өтүнүч депутат Бакыт Шаршеевдин дарегине келгенин ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. 
Айта кетсек, К.Самаковго үй камагы учурунда жана тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:

- Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан тышка чыгууга;

- белгисиз адамдар менен эркин сүйлөшүүгө;

- почта, интернет жана телефон аркылуу корреспонденция жөнөтүүгө;

- митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө;

- жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга.

Карганбек Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан