Талас облусунун башчысы болуп Байышбек Жуманазаров дайындалды

Талас облусунун башчысы болуп Байышбек Жуманазаров дайындалды. Бул тууралуу 28-майда SUPER.KG порталына облустук администрациядан тастыкташты. Аны администрация жамааты менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды. Б.Жуманазаровду бул кызматка дайындоо боюнча өкмөт башчы Темир Сариев 27-майда кол койгон. 
Жуманазаров буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенген. 
Айта кетсек, облустун мурдагы башчысы Койсун Курманалиева кызматынан өз каалоосу менен 6-апрелде кетерин билдирип, анын арызына ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-апрелде кол койгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан