Милиция эс тутумун жоготкон карыянын аты-жөнүн тактоого жардамдашууну суранат

Милиция эс тутумун жоготкон карыянын аты-жөнүн тактоого жардамдашууну суранат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-майдан 23-майга караган түнү "Аламүдүн" базарынан медициналык жардамга муктаж улгайган адам табылып, "Тез жардам" аркылуу шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Анын айтымында, Бишкекке өлкөнүн түштүк аймагынан келген. Кубаныч аттуу баласы бар.

Бирок карыя өзүнүн аты-жөнүн жана "Аламүдүн" базарына кандайча келип калганын эстей албайт.

Бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар 0554 10-22-61 номуруна чалышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Medina87
2015-05-28 14:15:32
Аксакалдын оорулуу экенин билгенден кийин туугандарынан бироо жарымы коштоп журсо болмок экен.
0
AFRODITA-89
2015-05-28 14:51:34
кантип ушул жаштагы карыяны жалгыз таштап коет ооруп аткан болсо, издешпейби ушу маалга чейин тобоо!
+1
temirov76
2015-05-28 23:04:48
Туугандары тезиреек табылсында эми,базарга кай жактан барып калды экен жарыктык десе.
0
Parish
2015-05-28 23:31:54
Тообаа кылдым,бир жумадан бери
баласы издебей не кылып журот.
Карыган аксакал экен эс тутуму
кайдан болот.Азыр кары эмес
жаштарын деле склерос болуп
атышпайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан