Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында "Баатыр эне" наамын берүү тартибине өзгөртүү киргизүү сунушталды. Демилгечилердин айтымында, балдарынын бири соттолгонуна карабастан, энеге "Баатыр эне" наамын берүү керек.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга мыйзам долбоору аркылуу өзгөртүү киргизүү мүмкүн экенин айтты.
Айта кетсек, жыл сайын президенттин жарлыгы менен 7 жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне ордени тапшырылып турат.