КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен биринчи жолу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери өлкөбүздүн бардык аймактарындагы орто мектептерде 29-майда өтө турган Акыркы коңгуроо салтанатына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында жалпы 11 министрлик жана ведомстволордун жетекчилери мектептерде өткөрүлүүчү салтанатка катышат.
Эскерте кетсек, аталган демилге Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көтөрүлүп, окуучулар жана мектеп менен мамлекеттик мекемелер ортосунда тыгыз байланыш түзүүгө багытталган.